Эрдоган менен жубайы Эминеге коронавирустун Омикрон варианты диагнозу коюлган

Украинадан кайтып келгенден кийин Эрдоган жубайлар коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алышкан, оору жеңил формада өтүүдө.

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Эрдоган өзүнүн Telegram каналында билдирди.

«Биздин жубайым экөөбүздүн COVID-19га болгон тестибиздин жыйынтыгы жеңил симптомдордон кийин оң болуп чыкты», – деп жазган президент.

Анын айтымында, анда «омикрон» аныкталган, оору жеңил формада өтүүдө.

“Биз жумушубузду үйдө улантабыз. Дубаңарды күтөбүз”, – деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Буга чейин 3-февралда Эрдоган менен Украинанын лидери Владимир Зеленский Киевде жолугушкан. Тараптар талкуулаган темалардын арасында Украинанын чыгышындагы жаңжал да болду.

Добавить комментарий