Экоактивист Грета Тунберг Twitter баракчасына «эл толо» поезддеги сүрөтүн жарыялаган. «Немец темир жолдорунун» комментарийинен кийин окуучунун биринчи класстагы вагондо кеткени белгилүү болду.
Сүрөт кыз Мадридден Стокгольмго кайтып келе жатканда, 15-декабрда, социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылган. Кадрдан анын сумка, чемодандардын арасында вагондун полунда отургандыгын көрүүгө болот.