Якутияда Кыргызстандын эки тургунунан коронавирус табылды

Якутияда Кыргызстандын эки тургунунда коронавирус табылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев брифингде айткандай, алар Москвадан Якутскке учуп, андан кийин Алданга барган Россиянын жарандары болгон жубайлар. Жубайлардын бири өзүнчө обочолонуу режимин бузуп, борбордук базарда ишин уланткан.

“Базарда жүргөн адамдар менен байланышкан үчүн бул чоң коркунуч. Азыр Алдан шаарында бул базарды жабуу жана ал жердеги адамдардын бардыгын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, – деди Николаев.

Добавить комментарий