Израилдеги өкмөттүк шайлоодо Нетаньяхунун блогу жеңди (ВИДЕО)


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/11/speech-79739-1667562545-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Израилде шайлоодо Нетаньяху блогу шартсыз жеңишке жетишти.

Бейшемби күнү, 3-ноябрда шайлоо комиссиясы Израил парламентиндеги орундардын көбүн алган Биньямин Нетаньяхунун ашкере оңчул блогу жеңгенин жарыялады. Израилдин премьер-министри Яир Лапид бейшемби күнү Кнессетке (парламентке) шайлоодо жеңилгенин мойнуна алды.

The Jerusalem Post гезитинин жазганына караганда, Лапид оппозициянын лидери, мурдагы премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга (Ликуд партиясынын лидери) телефон чалып, жеңиши менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Азыркы өкмөт башчынын айтымында, ал өзүнүн аппаратына бийликти өткөрүп берүүгө даярдык көрүүнү тапшырган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуштардын 100% саналгандан кийин Нетаньяху блогу Кнессеттеги 64 орунга ээ болду, деп жазат The Times of Israel. Бул ага коалиция түзүүгө мүмкүндүк берет.

Добавить комментарий