Израиль террорчуларды өлүм жазасына тартуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-86941-1677674390-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Израилде өкмөт Израилдин жарандарына кол салуулар үчүн сотторго өлүм өкүмүн чыгарууга уруксат берген мыйзам долбоорун колдоорун билдирди.

Мыйзам долбоорунун түп нускасында “соттор Израилдин жаранын улутчулдук негизде өлтүргөндөргө өлүм жазасын бере алат” деп жазылган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху «Биз бардык ыкмалар менен терроризмге каршы аракеттенип жатабыз», «терроризмге биздин жообубуз террорго катуу сокку уруу жана өлкөбүздүн үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү» деди.

Террорчуларга өлүм жазасын киргизүү оңчул коалициянын күн тартибине мурунтан эле кирген жана палестиналыктардын акыркы кандуу чабуулдары палестиналык кылмышкерлерге каршы жазалоо чараларын күчөтүү чакырыктарын ого бетер күчөттү.

Добавить комментарий