Издөөдө жүргөн криминалдык милиция кызматкери кармалды

Издөөдө жүргөн криминалдык милиция кызматкери, жабырлануучулардын айтымында, 135 миң АКШ долларын кайтарып берүүдөн баш тарткан. Ал акчаны алдоо жолу менен ээлеп алганы айтылууда.

Издөөдө жүргөн С.Р. Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБде кызмат өтөп жүргөн.

Буга чейин О.А. аттуу жаран УКМКга кайрылып, милиция кызматкери кызмат абалынан пайдаланып, аны алдап, 135 миң долларын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей койгонун билдирген.

Аталган факты боюнча атайын кызмат КР Жазык кодексинин 209-беренеси «Кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык» боюнча иш козгоду. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучуга карата тыюу салуу чарасын (сыртынан) тандады.

«12-декабрда издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталды: Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күңгөй айылында жайгашкан дачада», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Шектүү УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Кийинчерээк Октябрь райондук ИИБ басма сөз кызматы кармалган адам алардын кызматкери эмес экенин билдирген. Маалыматка ылайык, ал ноябрь айында милициядан бошотулган.

УКМК С.Р.нын аракеттеринен жапа чеккендердин бардыгына (0312) 66-04-75, WhatsApp-номерлери (0702) 23-32-43 аркылуу байланышууну өтүнөт.

Добавить комментарий