Италиялык мафия коронавирустун айынан эркиндикке чыгат

Италияда акыркы күндөрү үч картайган мафиоздор пандемияга байланыштуу үй камагына алынды, деп билдирет Би-Би-Си.

22-апрелде Миландагы сот Коза Ностранын таасирдүү жетекчилеринин бири — 78 жаштагы Франческо Бонуру үй камагына чыгарды. Ал доктурга баруу үчүн үйдөн чыгып кете алат.

Акыркы жумаларда соттор ошондой эле “Ндрангета» тобунун эки лидери — 65 жаштагы Винченцино Ианнаццо жана 72 жаштагы Рокко Санто Филиппоне үй камагына алышты.

Филиппонеде жүрөк оорусу диагнозу коюлгандыктан, сот коронавирустук инфекциядан аман калбашы мумкун деп тынчсызданган.

“Абал абдан тынчсыздандырат. Италияда уюшкан кылмыштуу топтордун 12 миңге жакын мүчөсү түрмөдө. Түрмө күзөтчүлөрүнүн айтымында, көптөгөн туткундар коронавирус жуктуруп алуу коркунучу күчөйт деп боолголоп башташты», — деди Италиянын полиция кызматкерлеринин эң ири профсоюзу Osapp катчысы.

Добавить комментарий