Иранда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиону өлүм жазасына тартылды

Ирандын түштүгүндөгү Шираз-Адилабад түрмөсүндө, 12-сентябрда эртең менен, өлкөнүн 27 жаштагы грек-рим күрөшү боюнча чемпиону Навид Афкариге карата өлүм жазасы ишке ашырылды.

Спортчу ишемби күнү эртең менен өлкөнүн түштүгүндөгү Шираз-Адилабад түрмөсүндө өлүм жазасына тартылды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2018-жылы Шираздагы нааразычылык акциялары учурунда Навид Афкари укук коргоо органынын кызматкерин өлтүргөн. Бийлик спортчу кылмышын мойнуна алганын билдирди. Бирок спортчунун өзү, анын үй-бүлөсү жана укук коргоо уюмдары моюнга алуу кыйноолор менен жасалган деп билдиришти.

2020-жылы августта Иран соту күрөшчүнү өлүм жазасына өкүм кылган.

АКШ президенти Дональд Трамп спортчу үчүн турду. АКШнын лидери жана башка бир катар эл аралык адам укуктары уюмдары Иранды өкүмдү жокко чыгарууга чакырышты.

Эл аралык Олимпиада комитети өлүм жазасынын аткарылышына байланыштуу билдирүү жасады.

«Эң өкүнүчтүү жаңылык – Иранда күрөшчү Навид Афкаринин өлүм жазасына тартылышы. ЭОКту  бүгүнкү билдирүү таң калтырды», – деп айтылат комитеттин сайтында.

ЭОКтун президенти Томас Бах Ирандын Жогорку Лидерине жана Президентине түздөн-түз жеке өзү кайрылып, Навид Афкариге кечирим сурагандыгы маалымдалды.

ЭОК спортчулардын жана федерациялардын бардык кайрылуулары максатына жеткен жок деп терең капалангандыгын баса белгиледи.

«Биздин ойлор Навид Афкаринин үй-бүлөсү жана достору менен», – деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Добавить комментарий