Индия: Украинадан 12 миң жаран эвакуацияланды

Индиянын бийликтери өз жарандарын эвакуациялоо процессин жүргүзүү үчүн орус жана украин тараптын жардамына кайрылды.

Украинадан 12 миң жаран мекенине кайтты, алардын көбү студенттер. Бул тууралуу Индиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Харш Вардхан Шрингла билдирди.

“Биз Украинадан 12 миң мекендешибизди эвакуацияладык. Азыр ал жакта 8 миң индиялык бар, алардын жарымы Украинанын чыгышында, негизинен Харьков менен Сумыда. Бул үчүн биз аларды эвакуациялоону чыгышта да, батышта да жүргүзүүгө даяр болушубуз керек. Индия россиялык жана украиналык тараптардан коопсуздук коридорлорун түзүүнү суранды”, – деп билдирди дипломаттын кечээ кечинде онлайн брифингинде айтканын Times of India гезити.

Шрингланын айтымында, Индиянын бардык жарандары Киевден чыгып кетишкен. Нью-Дели Москвадан Украинадагы жаңжал болгон индиялык студенттердин Россияга кирүүсүнө уруксат берүүнү суранды. Индиянын Россиядагы элчилигинин дипломаттарынын тобу келгендерге жардам берүү үчүн Белгородго келди, деп билдирди тышкы иштер министринин биринчи орун басары.

Акыркы 24 сааттын ичинде Украинанын аймагынан чыгып кеткен 1300 ашык индиялык жарандар Украинага коңшу мамлекеттерден алты эвакуация рейси менен мекенине кайтарылды. Кийинки үч күндүн ичинде Индия жарандарды кайтаруу үчүн 26 эвакуация рейсин уюштурууну пландаштырган. Каттамдар Румыния, Венгрия, Польша жана Словакиядан уюштурулат.

2-мартта Индиянын Аскер-аба күчтөрүнүн C-17 Globemaster аскердик транспорттук учагы эвакуациялоо операциясына кошулду. Шаршемби күнү кечинде биринчи С-17 Румынияга учуп кетти, деп жазат Times of India.

Добавить комментарий