Губернаторлор жана мэрлер инаугурация күнү Вашингтонго баруудан баш тартууга чакырышты

Вашингтондун мэри Муриэль Боузер жана коңшу эки штаттын губернаторлору Ларри Хоган (Мэриленд) жана Ральф Нортэм (Вирджиния) АКШнын жаңы шайланган президенти Джозеф Байдендин инаугурациясы болгон күнү борборго барбоону суранышууда.

Бул тууралуу таратылган биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүдө айтылат.

Дүйшөмбү күнү Боузер, Хоган жана Нортэм АКШ Конгрессиндеги башаламандыктан кийин келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтарга байланыштуу Байдендин инаугурация аземи учурунда коопсуздук маселесин телефон аркылуу талкуулашты. “Президенттин 59-инаугурациясынын айланасындагы уникалдуу жагдайларга, анын ичинде өткөн жумада болгон ырайымсыз козголоңго жана ошондой эле уланып жаткан өлүмгө алып келген COVID-19 пандемиясына байланыштуу, биз америкалыктарды Вашингтонго келбестен, анын ордуна онлайн катышууга чакыруу үчүн өзгөчө чараларды көрүп жатабыз [инаугурация салтанатына]”, – деди алар.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп инаугурациянын алдындагы коопсуздук аракеттерине байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган жана Вашингтон бийлигине федералдык жардам жөнөткөн. АКШ бийлиги дагы салтанатка байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүүнү пландаштырылгандан алты күн эрте баштоону чечти. Ошол эле учурда АКШнын Улуттук гвардиясы Вашингтондогу коопсуздуктун алкагында өзүнүн 15 миң аскерин колдоно алат.

Өткөн шаршембиде Трамптын тарапкерлери Вашингтондо миңдеген адамдарды колдогон митингге чогулушуп, Байден жеңип чыккан 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарынын бекитилишине жол бербөөгө аракет кылып, АКШ Конгрессине киришти. Конгресстеги демократтар республикачы Трампты козголоң уюштуруп жатат деп айыптап, аны бийликтен кетирүүнү талап кылышты. Ушундай эле маанайда Республикалык партиянын айрым өкүлдөрү өз пикирлерин билдиришти. Трамптын аракеттерине жана бир нече адам каза болгон Капитолий дөңсөсүндөгү баш аламандыкка каршы АКШ администрациясынын бир катар кызматкерлери кызматтан кетишти. Алардын арасында эки министр болгон – транспорт жана билим берүү.

Байдендин жана жаңы шайланган вице-президент Камала Харристин инаугурациясы 20-январда түшкө маал Капитолийдин тепкичинде болот. Буга чейин, жаңы коронавирус алып келген пандемияга байланыштуу, салтанат эң кыска форматта өткөрүлөт деп чечилген.

Добавить комментарий