Германия менен Австрия өз жарандарына Украинадан чыгып кетүүнү катуу сунушташат

Германия менен Австриянын Тышкы иштер министрликтери өз жарандарына Украинага барбашы керектигин эскертип, анын аймагындагыларга өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштады.

Тиешелүү билдирүү ведомстволордун сайттарында жарыяланды.

Ошол эле учурда Австриянын ТИМи өз жарандарынын өлкөнүн батыш аймактарында: Львов, Закарпатия, Ивано-Франковск жана Чернигов облустарында калуусун дагы эле коопсуз деп эсептейт.

Франциянын ТИМи да өз жарандарына Украинадан чыгып кетүүнү сунуштады.

Буга чейин АКШ, Улуу Британия, Швеция, Италия жана Мексика сыяктуу 30 өлкөнүн бийликтери ушундай сунуштарды беришкен.

Донбасстагы кырдаал 17-февралдын кечинде Украинанын бийликтери менен өзүн өзү жарыялаган КЭР менен ЛЭР бири-бирин ок атышпоо келишимин бузду деп айыптагандан кийин курчуган.

Добавить комментарий