Газ түтүгүнүн авариясы: жабыркагандар жок

Греция менен чек арага жакын жайгашкан Болгарияда техникалык кырсыктын кесепетинен газ түтүгүнүн бир бөлүгү бузулган. Окуянын алдын-ала себеби – түтүктөрдүн эскилиги.

Дүйшөмбү күнү Греция менен чек арага жакын жайгашкан Кулата конушунун жанындагы Болгар-Грек газ куурунда техникалык кырсык болду. Болгариянын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, окуя таңкы саат сегиз чамасында орун алып, 200 метрге жакын газ түтүгү бузулган.

«Газ түтүгүнүн участогу обочолонуп, аварияны жоюу иштери улантылууда. Жабыркагандар жок. Окуянын себептерин адистер аныкташат», – деди Энергетика министрлиги.

Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов журналисттердин брифингде берген суроолоруна жооп берип жатып, бул окуяга газ түтүгүнүн эскилиги жетти деп божомолдоду. Анын айтымында, жакынкы бир нече саатта авария жоюлуп, Грецияга газ берүү улантылат.

 

Добавить комментарий