Гарри Каспаров менен Михаил Ходорковский «чет элдик агенттердин» тизмесине кирди

РФ Юстиция министрлиги шахмат боюнча дүйнө чемпиону, Адам укуктарын коргоо фондунун башкармалыгынын башчысы Гарри Каспаров менен саясатчы Михаил Ходорковскийди чет элдик агенттердин тизмесине киргизди.

Министрлик Ходорковскийди Украина, Каспаровду Украина жана Американын Human Rights Foundation менен байланыштырды.

Каспаров менен Ходорковский чет өлкөдө жашашат. Алар Владимир Путинге жана Украинадагы согушка активдүү каршы турушат. Жума күнү, 20-майда Вильнюста алардын катышуусунда орус эмигранттарынын «Россиялык кыймылынын комитети» аттуу жаңы уюму түзүлдү.

Каспаров орус бийлигинин чечими тууралуу маалымат жарыяланган учурда комментарий берген жок. Ходорковский Твиттердеги микроблогунда кыскача жазган: “Жакшы орустун паспорту” алынды”.

Учурда Россияда Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан “чет элдик агенттердин” төрт реестри бар: ЖМКлар, жеке адамдар, коммерциялык эмес уюмдар жана катталбаган коомдук бирикмелер. Жалпысынан бул тизмелерде 450 ашык адам жана уюм бар.

Азыр жеке адамдардын – «чет элдик агенттердин» реестринде жети адам бар.

Добавить комментарий