G20: АКШ менен Кытай туруктуу мамилелерди көздөйт

15-ноябрда Балиде өткөн Чоң жыйырмалыктын саммитинин алкагында АКШ менен Кытайдын эки улуу мамлекетинин лидерлери эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү каалашарын билдиришти.

АКШнын президенти Джо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин Индонезияда өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин саммитинде эки тараптуу жолугушуу боюнча алгачкы билдирүүлөрүн жасашты. Бул тууралуу Ani News агенттиги билдирди.

“Бүгүнкү жолугушуубузда мен Кытай-АКШ мамилелериндеги стратегиялык мааниге ээ болгон маселелер боюнча ачык жана терең пикир алмашууга даярмын. Мамилебизди дени сак жана стабилдүү өнүгүү жолуна кайтаруу үчүн сиз менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтөм”, — деди Си Цзиньпин Байденге.

Өз кезегинде Байден эки лидердин жеке жана алардын администрацияларынын ортосундагы байланыш каналдарын ар дайым колдоого даяр экенин билдирди.

«Эки мамлекеттин лидерлери катары биз АКШ менен Кытай пикир келишпестиктерди жеңе аларыбызды, атаандаштыктын конфликтке айланып кетишине жол бербөө жана кызматташуубузду талап кылган актуалдуу глобалдык маселелердин үстүндө чогуу иштей аларыбызды көрсөтүү үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшөбүз», — деп кошумчалады ал.

Кытай лидеринин айтымында, дүйнө Кытай менен АКШдан мамилени туура башкарууну күтүүдө. Ал Кытай-АКШ мамилелериндеги стратегиялык маанилүү маселелер, ошондой эле негизги глобалдык жана аймактык маселелер боюнча Байден менен «ачык жана ар тараптуу» пикир алмашууга даяр экенин билдирди.

Байденди мамлекеттик катчы Энтони Блинкен, каржы министри Джанет Йеллен жана АКШнын Кытайдагы элчиси Николас Бернс кирген топ коштоп жүрдү.

Си Цзиньпинди Кытайдын Коммунисттик партиясынын Башкы администрациясынын директору Дин Сюэсян жана тышкы иштер министри Ван И коштоп жүрүштү.

Эки тараптуу жолугушуудан кийин өлкө башчылары кандай келишимдерге келишти.

«Байден менен Си өзөктүк согуш эч качан жүргүзүлбөшү керек деген пикирде, Украинада өзөктүк куралды колдонуу коркунучуна каршы» — Ак үй. Ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайга келери белгилүү болду.

Кытайдын ТИМ маалыматына караганда, Си Цзиньпин Байден менен болгон сүйлөшүүсүндө НАТО, Евробиримдик жана АКШ Россия менен “ар тараптуу диалог” жүргүзөт деген үмүтүн билдирди.

Бирок Тайвань маселесин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Кытай менен АКШнын мамилесиндеги кызыл сызык деп атады, аны басып өтүүгө болбойт.

Джо Байден менен Си Цзиньпин Балидеги жолугушуусунда Россиянын Украинага каршы агрессиясына олуттуу көңүл бурары күтүлүүдө.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 15-16-ноябрында Индонезияда Бали аралында Чоң жыйырмалыктын саммити өтүүдө.

Добавить комментарий