Францияда пенсия реформасына каршы чыккандар бир нече жолу нааразылык акцияларын өткөрүштү


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-85189-1675239587-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Франциянын калкы жаңы пенсия реформасын киргизүүгө каршы.

31-январда Францияда пенсия реформасына каршы нааразылык билдирген демонстрацияларга 2,8 миллионго жакын адам катышты, деп билдирет француз басма сөз каражаттары «Жалпы эмгек конфедерациясынын» (CGT) профсоюзуна таянуу менен.

Ошол эле учурда Франциянын ИИМ катышуучулардын санын эки эсе аз – 1,2 миллион адам деп эсептейт, деп билдирет Би-Би-Си.

Француз маалымат каражаттары жалпысынан бул жолу нааразылык акциясына 19-январдагы биринчи демонстрацияга караганда көбүрөөк катышканын белгилешет. Анда француз бийликтери акцияга 1 миллион, ал эми профсоюздар 2 миллион адам катышканын билдирген.

Профсоюздар митингчилерди 7 жана 11-февралда жаңы нааразылык акцияларына чыгууга чакырышты.

CGT билдиргендей, Парижде 500 миң адам көчөгө чыкты. Өз кезегинде Франциянын борборунун полициясы демонстрацияга 100 миңге жетпеген адам чогулганын белгиледи.

BFM телеканалынын маалыматына караганда, Парижде полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Бул эл милицияга ар кандай буюмдарды ыргыта баштагандан кийин болгон.

2030-жылдан баштап пенсияга чыгуунун минималдуу жашын 64кө көтөрүү планы расмий түрдө январдын башында жарыяланган жана башталган нааразылык акциялар реформаны ишке ашырууга эч кандай таасир этпейт, дешет бийликтер. Сурамжылоого ылайык, январдын орто ченинде француздардын үчтөн экисинен көбү (68%) пенсия курагын көтөрүүгө каршы болгон.

Добавить комментарий