НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг космос мейкиндигин аталган бирикменин ишмердүүлүк жүргүзө турган жайы катары жарыялоо планы бар экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Баннеры с логотипом НАТО изображены перед новой штаб-квартирой НАТО во время пресс-тура объектов, поскольку организация перемещается из своей старой штаб-квартиры в новое здание в Брюсселе. 19 апреля 2018 года
Мындай билдирүү Брюсселде НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо мекемелеринин жетекчилери жолугушаар алдында болгон маалымат жыйында жасалды. Анын сүйлөп жаткан учуру Twitter тармагына жарыяланган.
Альянс жетекчисинин айтымында, космос мейкиндигинин пайдаланылышы байланыш, навигация жана эрте кабардар кылуу системаларын өнүктүрүүгө жардам бермекчи. Столтенберг космоско курал-жарак жайгаштырылбай турганын белгиледи.
НАТО жетекчисинин мындай билдирүүсү бүгүнкү күндүн талабына ылайык келбей турганын Sputnik радиосунун эфиринде Мамлекеттик Думанын коргоо боюнча комитетинин төрага орун басары Юрий Швыткин айтты.
«Столтенбергдин билдирүүсү таң калтырып, башка өлкөлөргө карата агрессивдүү мамилесин чагылдырып турат. Альянс аскерий уюм болгондуктан мындай кеп-сөз космосту милитаризациялоо (согуштук максаттардан улам кайсы бир өлкөнү саясий, экономикалык жана коомдук жактан көз карандылыкка кептөө) аракети катары кабылданат. Менимче, бул дүйнөлүк коомчулукту катастрофага тушуктурат», — деди парламентарий.
Швыткин түзүлгөн кырдаалдан улам Россия НАТО тарабынан космостун милитаризацияланышына жол бербөөчү чара көрүшү керек экенин белгиледи.
«Жооп ушундай эле катуу болушу кажет, ошол эле учурда өлкөбүздү космоско курал-жарак жайгаштыруу боюнча жарышка түшүрбөшү зарыл», — деди депутат.
Белгилей кетсек, ноябрдын башында Франция президенти Эммануэль Макрон Economist журналына маек куруп жатып, «НАТО союздаш мамлекеттердин ортосундагы координацияны толугу менен жоготконун» айткан.
Мындай билдирүүнү Йенс Столтенберг да, ГФРнын канцлери Ангела Меркель да сынга алып, Макрондун НАТО боюнча айтканына таптакыр кошулбай турганын белгилешкен.