Чехия өкмөтү коронавирус пандемиясынан улам өлкөдө жарандардын эркин жүрүүсүнө тыюуну алып салууну чечти. Бул тууралуу 24-апрелде Чехиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Адам Войтех билдирди.
Ошентип, Чехиянын жарандары 24-апрелден тарта эркин жүрө алышат. Войтехтин айтымында, чехтер дагы башка өлкөлөрдүн пансионаттарында эс ала алышат, бирок кайтып келгенден кийин алар коронавирустун жоктугу тууралуу күбөлүк бериш керек же эки жума карантинде болушат.
Мындан тышкары, 27-апрелден тартып, өлкөдө 2,5 миң чарчы метр аянтка чейинки университеттер, айдоочу мектептер жана дүкөндөр кадимкидей иштей баштайт. Ошол эле маалда, коомдук жайларда 10дон ашык кишинин топтолушуна тыюу салуу күчүндө болот, ал эми баардыгы беткаптан турушу керек.
Буга чейин, адамдар үйдөн жумушка, дарыканага, азык-түлүк дүкөндөрүнө барып турууга уруксат алышкан. Чехияда 12-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими, ал эми 16-марттан тартып улуттук карантин киргизилген. Чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.
Эскерте кетсек, 24-апрелде өкмөт Чехияда өзгөчө кырдаал режимин 25-майга чейин узартууну жактыргандыгы кабарланган.
Март айынын башынан бери Чехияда 7 138 коронавирус учуру катталды. Натыйжада республиканын 210 тургуну каза болуп, 2152 адам айыгып кеткен.