Британия Иранда ишемби күнкү өлүм жазасына байланыштуу элчисин чакыртып алды


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/01/speech-84136-1673850184-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Тегеранда Британиянын жараны, Ирандын коргоо министринин мурдагы орун басары Али Реза Акбари өлүм жазасына тартылды. Буга жооп катары Британия консультациялар жана мындан аркы аракеттерди координациялоо үчүн элчини убактылуу чакыртып алат.

Бул тууралуу Британиянын тышкы иштер министри Джеймс Клэверли Twitter баракчасына билдирди.

«Биз режимди жоопко тартып жатабыз. Улуу Британия Ирандын Башкы прокуроруна каршы санкцияларды киргизип, иштер боюнча ишенимдүү өкүлдү чакырып, консультация алуу үчүн элчини убактылуу чакыртып алды», – деп жазган ТИМ жетекчиси.

Ал кошумчалагандай, Иранга жооп ушуну менен эле токтоп калбайт: «Биз мындан аркы аракеттерди карап жатабыз», – деп ишендирди.

Маалыматка ылайык, Иран менен Улуу Британиянын кош жарандыгы бар Али Реза Акбари Иранда тыңчылык кылган деген айып менен ишемби күнү өлүм жазасына тартылган. Кезинде Ирандын Коргоо министрлигинде жогорку кызматтарды аркалаган.

Добавить комментарий