Бириккен Араб Эмираттарынын президенти 74 жашында каза болду

2004-жылдан бери мамлекетти башкарып келе жаткан БАЭ президенти Халифа бин Заид Аль Нахайян узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды. Ал 73 жашта болчу.

Бул тууралуу мамлекеттик WAM маалымат агенттиги билдирди.

«Президенттик иштер министрлиги БАЭ элине, араб жана ислам элдерине жана бүткүл дүйнөгө өлкөнүн лидери, анын колдоочусу, мамлекеттин президенти Улуу Даражалуу Шейх Халифа бин Заид Аль Нахайяндын каза болгонун жарыялайт. Бүгүн, 13-майда, жума күнү каза болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Бириккен Араб Эмираттарынын президентинин каза болгонуна байланыштуу өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Министрликтерде, ведомстволордо, мекемелерде жана жеке сектордо бүгүнтөн тарта үч күнгө иш токтотулду.

Бириккен Араб Эмираттарынын конституциясына ылайык, вице-президент жана премьер-министр, Дубайдын башкаруучусу Шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум, жети эмирликтин башкаруучуларынан турган федералдык кеңеш 30 күндүн ичинде жаңы президентти шайлоо үчүн чогулмайынча Президенттин милдетин аткарат.

Халифа бин Заид Аль Нахайян 2004-жылдан бери мамлекетти жетектеп келет. Ага чейин өлкөнү анын атасы Заид Аль Нахайян жетектеп турган. Улуу Аль Нахайян БАЭнин негиздөөчүсү, мамлекетти 1971-2004-жылдары башкарган.

Аль Нахайян 2014-жылы инсультка кабылган. Туруктуу абалга карабастан, бийликтин көпчүлүк бөлүгү мураскор ханзаадага – анын бир тууган агасы Мохаммед бин Заид Аль Нахайянга өткөн.

БАЭнин экинчи президенти Forbes журналынын версиясы боюнча 15 миллиард доллар байлыгы менен дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири болгон жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн байлыгы 150 миллиард долларга бааланган.

Добавить комментарий