Беларуссиядагы нааразычылык акциялары

Беларуссиянын шаарларында тилектештик акциялары өтүп жатат, алардын катышуучулары президенттик шайлоого көз карандысыз талапкерлерге уруксат берүүнү жана чынчыл добуш берүүнү талап кылышууда 

«Альтернативдүү талапкерлерге кол чогултуунун акыркы күнү бүткүл өлкө боюнча өзүнөн-өзү болуп өткөн митингдер менен аяктады. Элдер көчөлөрдө жана аллеяларда тизилип, кармалган активисттер менен тилектеш болушту. Камоолор өлкөнүн ар кайсы шаарларындагы митинг учурунда болуп өттү», – деп айтылат билдирүүдө.

Укук коргоочулардын айтымында, Минск шаарында 80ден ашык адам, Гомель, Витебск, Бобруйск шаарында – ар бир шаарда 10го жакын адам кармалган. Могилев, Гродно, Новополотск шаарында дагы кармалгандар бар.

Беларуссияда президенттик шайлоо өнөктүгүндө кармалган активисттерди жана саясатчыларды колдоо максатында нааразычылык акциялары кайрадан башталды.

Белгилей кетсек, нааразычылык акцияларынын алдында Беларуссиянын лидери Александр Лукашенко кырдаалды күч менен чечүүгө түртүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Добавить комментарий