Беларус: Украина менен Россиянын сүйлөшүүлөрү башталды

Беларустун аймагында орус-украин сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

Россиялык делегация Беларуска бир күн мурун келген. Аны президенттин жардамчысы Владимир Медицинский жетектейт. Делегациянын курамында Коргоо министрлигинин, ТИМ жана Мамлекеттик Думанын өкүлдөрү бар.

Украин делегациясы бүгүн Польша аркылуу келди. Анын курамында коргоо министри Алексей Резников, Жогорку Раданын өкүлдөрү, тышкы иштер министринин орун басары, президенттин кеңешчиси жана башка адамдар бар.

Жолугушуу беларус тарап тарабынан уюштурулган, коопсуздук үчүн бул жер расмий түрдө аталбаганы менен маалымат каражаттарында Припять дарыясынын жээгинде жайгашкан “Балыкчынын үйү” деп көрсөтүлгөн.

Владимир Зеленскийдин кеңсеси сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы ок атышууну токтоосуз токтотуу жана Украинадан аскерлерди чыгарып кетүү экенин билдирди.

Тараптар жолугушууну бир күн мурун макулдашкан. Орус делегациясы дүйшөмбү күнү Беларуска келип, Киевдин өкүлдөрүн саат 15:00 чейин күтүүгө даяр экенин билдирди. Украин бийликтеринин макулдугу бул мөөнөт бүтөөрүнө бир нече мүнөт калганда белгилүү болду.

Добавить комментарий