Балдар чыңырып ыйлап… Алматыдагы авиакырсыктан аман калган Асландын баяны

Жүргүнчүлөр учак кулап түшкөндөн кийин салондон иллюминатор аркылуу эшикке чыккандыгын аман калган Аслан Назаралиев айтып берди.

Кырсыкка кабылгандар кеминде 20 мүнөттөй сырттан жардам күтүп калган.

Ишкер Назаралиев 15-катарда, учактын канатынын алдында отурган. Лайнер абага көтөрүлгөндөн бир аздан кийин эле титирей баштагандыгын эстеди.

«Учактын сол канаты титирей баштаганда көңүл буруп карап калдым, андан соң оң канаты да дал ошондой болду. Бирөөлөр жулкулдаткан сыяктуу абал жаралганы даана эсимде калды. Негизинен 14-катарда отургандарга көбүрөөк күч келди. Сол жактагылардын бирин кыпчып да калды», — деп айтып берген Назаралиев.

Ал салондун ичиндегилер «кыйкырып, дүрбөлөң башталып, кичинекей балдардын чыңырган үндөрү угулуп жатканын» эстеди.

«Бизди эч ким куткарган жок. Оң жактагы авариялык терезе аркылуу өзүбүз чыга баштадык. Аны ким ачканы деле эсимде калбаптыр. Баары шашып, биринен-бири өтүп, учактын канатына жабышып чыгып, бирок жылмакай болгондуктан ылдый кулашты. Андан кийин жабыркагандарга жардам бере баштадык», — деди аман калган жүргүнчү.

Ал бир катарларынын башы жарылгандыгын айтты.

«Баары карда турушту. Менимче, 20 мүнөттөн кийин бир автоунаа, 5-10 мүнөттөн соң өрт өчүрүүчү дагы бир машина келди. 15 мүнөттөн кийин келген автоунаада, менимче, медиктер бар болчу», — деди Аслан.

Эске салсак, бүгүн учак Алматы аэропортунан абага саат 7:05те көтөрүлүп, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.

Ички иштер министрлигине таянып, бортто Кыргызстандын бир, Украинанын эки, Кытайдын бир жараны болгонун жазды. Калган жүргүнчүлөр казакстандыктар болгон. Соңку расмий маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар.
Азырынча кыргызстандыктын ким экени, абалы туурасында так маалыматтар айтыла элек.

Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын 18инин абалы оор, калганына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

Кырсыкка кабылган Bek Air авиакомпаниясынын учагында 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бара жаткан.

Добавить комментарий