Байден 21-кылымды Америка кылымы деп атады

Азырынча жеңе элек, бирок шайлоодогу жеңишин жарыялаган Джозеф Байден шайлоочуларга убадаларды берүүдө.

Тактап айтканда, ал 21-кылым «Америка кылымы» болот деген ишенимин билдирди. Тиешелүү билдирүүнү ал бейшемби күнү – Ыраазычылык күнүндө белгиленүүчү майрамга байланыштуу америкалыктарга телекайрылуу учурунда жасады. Анын сөзүн CNN телеканалы таратты.

“Бүгүнкү күндө Ыраазычылык күнү биз үчүн канчалык оор болсо, биз чоң кыялданып, жаркын келечек күтүшүбүз керек. –  деди ал. – Мен эч качан Американын келечегине азыркыдай оптимисттик көз карашта болгон эмесмин. Мен буга толук ишенем 21-кылым Америка кылымы болот», – деди.

«Биз дүйнөдөгү алдыңкы экономиканы курабыз, дүйнөнү өз күчүбүздү көрсөтүү менен эмес, өз үлгүбүздүн күчү менен жетектейбиз, климат маселелери боюнча лидери болобуз жана планетаны сактап калабыз, рак, Альцгеймер жана диабет боюнча дарылоону иштеп чыгабыз, биз акыры өлкөбүздөгү расизмди жок кылабыз”, – деп кошумчалады саясатчы.

Өлкөнүн 16-президенти Авраам Линкольндун (1809-1865) чечими менен 1863-жылы ыраазычылык күнү АКШда улуттук майрам деп жарыяланган. 1941-жылы АКШ Конгресси резолюция кабыл алып, ага ылайык, майрам ноябрдын ар төртүнчү бейшемби күнү белгиленчү. Бирок, бул салт 1621-жылы, азыркы Массачусетс штатынын аймагындагы Плимут колониясынан биринчи көчүп келгендер, оруп-жыюудан кийин, Кудайды даңктоону чечишкен. Майрамдык дасторконго жергиликтүү индеецтер чакырылып, алар укмуштай куш – күрп алып келишти, ал андан бери Ыраазычылык күнүнүн өзгөрүлгүс атрибутуна айланды.

Добавить комментарий