Азербайжан менен Армениянын чек арасында жаңы чабуулдар: болгон окуя үчүн тараптар бири-бирин күнөөлөшүүдө

Бүгүн Армения менен Азербайжандын эки мамлекетинин Коргоо министрликтери бири-бирин аскерий позицияларды аткылоодо айыпташты.

Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын өз позицияларын аткылаганын билдирди. Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги да Арменияны позицияларын аткылоого айыптады. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Армениянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 7-ноябрга караган түнү азербайжандык аскерлер Армения-Азербайжан чек арасынын чыгыш бөлүгүндөгү армяндардын позицияларын аткылашты. Армян аскерлеринин жоготуулары жок. Жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 8:00гө карата чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу, деп кошумчалады агенттик.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын аскерлери жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:35 менен 21:50 ортосунда алардын турумдарына ок чыгарганын билдирди.

«Азербайжан армиясынын бөлүктөрү адекваттуу жооп чараларды көрдү», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Сентябрь айында Армения-Азербайжан чек арасында кырдаал курчуп кеткен. Аткылоо маалында 100дөн ашык адам каза болгон. 31-октябрда Сочиде Россия менен Азербайжандын президенттери Владимир Путин менен Илхам Алиевдин, ошондой эле Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын үч тараптуу жолугушуусу өттү. Алар Тоолуу Карабактагы кырдаалды талкуулашты. Никол Пашинян Азербайжан менен аймактык байланыштарды ачууга даяр экенин билдирди.

Добавить комментарий