Австриянын ТИМи санкциялардын 6-пакетинин Беларуска да тиешелүү экенин билдирди

Австриянын ТИМи РФга каршы санкциялардын алтынчы пакети Беларуска да таасирин тийгизерин билдирди.

Александр Шалленбергдин айтымында, Евробиримдиктин санкция тизмесине жаңы жүздөр да кошулат

Россиянын Украинадагы аскерий операциясына байланыштуу Евробиримдиктин Россияга каршы санкцияларынын алтынчы пакети РФ менен Беларустун аскердик өнөр жай комплексине каршы чектөөчү чараларды камтыйт. Бул тууралуу шаршемби күнү Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг билдирди.

2022-жылы Россияга каршы кандай санкциялар киргизилген жана Москва кандай жооп кайтарган

«Биз бүгүн Брюсселде олуттуу чараларды камтыган санкциялардын алтынчы пакетин талкуулап жатабыз. – деди Шалленберг Венадагы Австрия өкмөтүнүн жыйынынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда. – Тиешелүү өткөөл мезгилдер менен мунай продуктыларын жана мунай затын импорттоого тыюу салуу маанилүү жагдай болуп саналат. Мындан аркы банктарды, айрыкча Россиянын эң ири банкы «Сбербанкты» SWIFT тутумунан чыгаруу, Беларустун банктары да камтылган. Айрыкча Россия менен Беларустагы аскердик-өнөр жай комплексине каршы күчтүү санкциялар».

Анын айтымында, Евробиримдиктин санкция тизмесине жаңы жүздөр да кошулат. «Австрия бул алтынчы санкциялар пакетин толугу менен колдойт», – деди Шалленберг.

Добавить комментарий