Австралияда расизмге каршы митинг болуп өттү

Австралиянын Сидней, Аделаида жана Брисбен шаарларында Джордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу бүгүн ондогон миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты, деп билдирет ABC News.

Нааразычылык акциясына чыккандарга коронавирустук инфекциядан коргонуу каражаттары берилип жатканы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Жаңы Түштүк Уэльстин штаттык полициясы Сиднейдеги Black Lives Matter демонстрациясына тыюу салуу үчүн Жогорку Сотко кайрылган. Мамлекеттик полициянын башчысы Мик Фуллер, бийликтин жүрүштүн уюштуруучуларына койгон талаптары коронавирус менен күрөшүү алкагында кабыл алынган санитардык талаптары бузулуп жатат деп түшүндүрдү. Бейшемби күнү Жогорку Сот өтүнүчтү канааттандырып, демонстрацияга тыюу салды.

Каналдын маалыматына караганда, ишемби күнү Жаңы Түштүк Уэльстин Мамлекеттик апелляциялык соту Жогорку Соттун чечимине шашылыш даттануу менен кайрылган, жана ишемби демонстрациясына кайрадан уруксат берилген.

Америка Кошмо Штаттарында африкалык-америкалык Джордж Флойддун өлүмүнөн кийин нааразычылык толкуну башталды. Ал 25-майда полиция кызматкери Дерек Шовин анын мойнун тизеси менен кысып, аны бир заман кармап тургандан кийин көз жумган. Окуя Паудерхорн шаарында (Миннеаполис, Миннесота) Флойд дүкөндө тамекини жасалма 20 долларлык купюра менен сатып алган деген шек менен камакка алуу учурунда болгон жана видео күбөлөр тарабынан тартылган. Флойддун “Мен дем албай жатам” деген бир нече жолу айткан видеолору тез эле тармакка жайылып, ЖМК аркылуу жайылтылды. Эртеси полиция кызматкерлеринин төртөө иштен алынды. Мурунку милиция кызматкерлерине айып тагылды.

Добавить комментарий