Анкарада теракт: Түрк полициясы террорчуну ИИМ имаратынын жанында жок кылды

Жекшемби күнү, 1-октябрда эртең менен Анкаранын борборундагы Түркиянын ИИМдин имаратынын жанында белгисиз террорист өзүн жардырып жиберген. Ички иштер министрлигинин башчысы Али Ерликай террорчу жардыруудан каза болгонун билдирди. Ошондой эле, анын шериги полиция тарабынан зыянсыздандырылып, теракт жасоо аракетинин алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Haberturk агенттигинин маалыматына караганда, эки адам ИИМдин имаратына унаа менен келип, андан кийин жарылуунун үнү угулуп, ок атышуулар угулган. Күжүрмөн тапшырманын натыйжасында укук коргоо органдарынын эки кызматкери жеңил жаракат алган.

ИИМдин башчысы Али Ерликай X социалдык тармагындагы баракчасына: “Атышуу учурунда биздин эки полиция кызматкери жеңил жаракат алды” деп жазды.

Белгисиз террористтер жайкы каникулдан кийинки алгачкы жыйын бүгүн баштала турган түрк парламентинин имаратынын жанынан кол салуу болгон жерди тандашкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, террорчулар парламенттин жыйыны башталаар алдында жардырууну пландаган. A Haberler басылмасынын маалыматына караганда, адистер шектүү нерселерди издөө үчүн окуя болгон жерди кылдаттык менен текшеришкен.

Белгилей кетсек, ИИМдин имараты Түркия парламентинин жанында жайгашкан.

1-октябрда саат 9:30дар чамасында Анкара шаарындагы Түркиянын Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында эки террорист теракт жасашкан. Алардын бири өзүн жардырса, экинчиси полиция тарабынан зыянсыздандырылды.

 

Добавить комментарий