Алматыдагы авиакырсык учурунда бир үй-бүлөнүн ээси каза болуп, төрт баласы жаракат алды

«Жаракат алгандардын арасында бир үй-бүлөнүн төрт баласы болгон. Алардын атасы каза болуп калыптыр. Ооруканадан Жетису районунун акими менен жолуктум. Ал балдардын туугандары менен жолукканын жана аларга жардам көрсөтүлө турганын билдирди», — деп айткан Аружан Саин.

Анын айтымында, Балдардын медициналык тез жардам борборунда тогуз бала дарыланып жатат.

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков Казакстандын Алматы шаарына жакын жердеги авиакырсыктан жабыркагандарга операция жасады

«Үч баланын буту, бир кыздын эки буту тең сынган. Азыркы тапта тийиштүү операциялар жасалып кыздардын бири жалпы палатага чыккан. Эки бөбөктөн башкасынын баары өзүнө келди. Алар жандандыруу бөлүмүндө өз алдынча дем алып жатышат, өмүрүнө коркунуч жаралбайт. Эң кичинекейлери олуттуу жаракат алган эмес, алар дагы азырынча жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деп айткан Саин.

Эске салсак, 27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кийин кулап түшкөн. Трагедиялуу окуяга байланыштуу 28-декабрь — Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Каргашанын кесепетинен 15 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Добавить комментарий