Алматы шаарынын атын өзгөртүү сунушталып, президент дагы колдоодо

Алматы шаарына «Алма-Ата» деген тарыхый аталышын кайтаруу сунушталууда.

Мындай сунушту Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да колдогонун демилгечилердин бири акын, жазуучу жана коомдук ишмер Олжас Сулейманов билдирген. Бирок муну бийлик өзү эле чечип коё албай турганын белгилеп, биринчи кезекте казак элинен колдоо табышы керектигин айткан.

«Президент Токаев менен жолукканда ушул маселени талкуулап, ал демилгени колдоду. Бирок президент эл өзү чечиши керектигин айтты. Мени шаардын акими Бакытжан Сагинтаев да колдоду», — деди Сулейманов.
Алма-Ата шаарынын аталышы мындан 25 жыл мурун «Алматы» деп өзгөртүлүп калган. Мындай сунуш коомчулукка чыгарылбай эле бир күндүн ичинде Жогорку совет тарабынан кабыл алынып калганы айтылат.

«Алма-Ата» деген аталышка көпчүлүк көнүп калган жана түшүнүктүү. Анын өзүнчө тарыхый мааниси бар. «Алматы» — тар чөйрөгө эле ылайыктуу. Эгер лингвистикалык жагынан карай турган болсок, түрк тилдүүлөр үчүн «ты» эмес «лы» мүчөсүн улоо туура болот. Анда Алмалы болуп калат экен», — деп демилгечилер түшүндүрүүдө.

Казакстанда Астанадан кийин дагы үч шаардын атын өзгөртүү сунушталды
Казакстандыктар шаарды мурунку атына өзгөртүү маселесин маал-маалы менен көтөрүп келет. Алар «Алма-Ата» аталышы чанда кездешчү алманын апорт сортунун дал ушул калаада пайда болгонун эске салып турарын айтышат.
Бирок мындай сунушка каршы болгондор дагы бар. Себеби алар аталышты өзгөртүү менен кайра эле бюджеттен ашыкча чыгым сарпталарын эскертишет.

Белгилей кетсек, жакында эле Алматы шаарынын стратегиялык негизги көчөлөрүнүн бирине (мурунку аталышы Фурман) Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы ыйгарылган. Ушул жылдын март айынан тарта борбор калаа Астана Нур-Султан деп өзгөртүлгөн.

Добавить комментарий