Алексей Навальныйдын апасы уулунун абакта өлгөнү тууралуу күбөлүк алды

Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный 16-февралда Ямало-Ненец автономиялуу округундагы колонияда каза болгон. Анын өлүмү тууралуу маалымат оппозициячынын басма сөз катчысы Кира Ярмыштан алынган. Ал Алексейдин апасына анын каза болгондугу тууралуу күбөлүк берилгенин айтты.

Ярмыштын айтымында, Алексей Навальный жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:17де каза болгон. Оппозициячынын сөөгү Салехардда, аны Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү алып кетишкен. Учурда “изилдөө” жүрүп жатат.

Навальныйдын тарапкерлери маркумдун сөөгүн үй-бүлөсүнө берүүнү талап кылышууда.

Аймактык Жаза аткаруу федералдык кызматы Алексей сейилдөө учурунда ооруп, дароо эсин жоготкон деп ырастоодо. Реанимация натыйжа берген жок. Жаза аткаруу федералдык кызматынын расмий өкүлдөрү Навальный өткөн жылдын декабрь айында «Ак карышкыр» колониясына которулганын тастыкташты.

Алексейдин апасы Людмила Навальная уулун колонияда 12-февралда көрүп, анын «тирүү, дени сак жана шайыр» экенин айткан.

Добавить комментарий