АКШнын элчиси Россиядагы камактагы WSJ кабарчысы Гершковичке биринчи жолу барды


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/04/speech-89845-1681791876-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

АКШнын Россиядагы өкүлү Линн Трейси тыңчылык кылган деген айып менен кармалган The Wall Street Journal гезитинин камактагы кабарчысы Эван Гершковичке барды. АКШнын элчисинин айтымында, Гершковичтин саламаттыгы жакшы.

Эки жумалык мыйзамсыз камоодон кийин Москвадагы Америка элчилигинин өкүлдөрүнө акыры ага кирүүгө уруксат берилгенин агенттик өзүнүн Twitter баракчасында жарыялады.

«Мен бүгүн Лефортово СИЗОсунда WSJ кабарчысы Эван Гершковичке бардым – эки жумадан ашык убакыт мурун мыйзамсыз камалгандан бери биринчи жолу бизге ага кирүүгө уруксат берилди. Ал дени сак жана күчтүү. Биз дагы бир жолу аны тезинен бошотууга чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, WSJ кабарчысы 29-мартта Екатеринбургда журналисттик иш сапары учурунда камакка алынган жана 1986-жылдан бери орус бийлиги тарабынан кармалган биринчи америкалык медиа өкүлү болуп калган. Ал ошондой эле акыркы жылдары Россияда мыйзамсыз кармалган саналуу америкалыктардын бири.

Белгилей кетсек, буга чейин Гершковичке адвокаттары менен гана барууга уруксат берилген.

Добавить комментарий