Акыркы 24 сааттын ичинде COVID-19 Америка Кошмо Штаттарында дагы 1169 адамдын өлүмүн алып кетти, бул жаңы коронавирустун пандемиясынын башталышынан бери бир мамлекетте бир күндө эң көп өлүм болду.
Белгиленгендей, күнүнө өлүмдүн эң жогорку деңгээли Италияда катталган. Ал жерде, 27-мартта, 969 бейтап COVID-19 менен көз жумду.
Эске салсак, Джонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 2-апрелде АКШда коронавирустук инфекциядан каза болгондордун жалпы саны 5926 адамга жеткен.
Инфекция жуккандардын саны боюнча Америка Кошмо Штаттары Италиядан ашып түштү, бирок азыр COVID-19 вирусун жуктуруунун натыйжасында өлүмдөрдүн саны көбөйүүдө.