АКШда инаугурацияга даярданып жатышат

Вашингтондо инаугурация салтанатына даярдыктар башталды. Ал 2021-жылдын 20-январына пландаштырылган.

Маалым болгондой, Американын жаңы президентинин ант берүү аземи коронавирус пандемиясына карабастан, толук масштабдуу форматта өтөт. Иш-чарага даярдыктар башталды, деп билдирет ABС телеканалы.

«Комитеттеги алты адам ачык асман алдында толук кандуу салтанаттын үстүндө иштеп жатышат. Андан кийин масштабды кеңейтүү оңой», – деди АКШнын Конгрессинин Биргелешкен инаугурация комитетинин башчысы, республикачы сенатор Рой Блант.

Мындан тышкары, Блант «алардын кайсынысы ант берээрине» карабастан, Демократиялык партиянын талапкери Джозеф Байден менен республикачы Дональд Трамптын да салтанатка катышуусуна ишенимин билдирди.

Белгиленгендей, АКШнын жаңы президентинин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январына пландаштырылган. Телеканалдын айтымында, Капитолий дөңсөсүндөгү өкмөттүк комплекстин жанына стенддер орнотулуп жатат.

Эске салсак, Джо Байден АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Ал шайлоочулардын 273 добушун, Дональд Трамп 214 добушун алды. Шайлоонун жыйынтыгы солкулдаган деп аталган штатта – Пенсильванияда чечилди. Ал жерден ал 20 шайлоочунун добушун камсыздады.

Добавить комментарий