АКШ Россиянын НАТОну коркуткан кадамдарына жооп берет – Байден

АКШнын президенти Джо Байден Америка Кошмо Штаттары НАТОнун «ар бир дюйм аймагын» коргой турганын жана Россиянын НАТОго коркунуч туудурган бардык кадамдарына, согушка алып келсе дагы жооп берерин айтты.

«Биз Европадагы союздаштарыбыз менен позициябызда туруубузду улантабыз. Жана так билдирүү жөнөтөбүз: биз НАТОнун ар бир дюймун коргойбуз. Ошондуктан мен Россиянын чек арасына — Латвияга, Эстонияга, Румынияга жана башкаларга 12 миң аскер жөнөттүм. Алар кыймылдаса эле, кепилдик берилет — биз жооп беребиз. Үчүнчү дүйнөлүк согуш болот. Бирок, биз НАТОнун аймагында Ыйык милдеттенме бар — 5 берене, биз Украинада үчүнчү дүйнөлүк согуш уюштурбайбыз», – Байден билдирди.

Сүйлөшүүнүн видеосу РИА Новости Telegram каналында жарыяланды.

IMG_1322

Добавить комментарий