АКШ мунайга болгон баанын төмөндөшүнүн терс таасиринен чочулайт

Россия, АКШ жана Сауд Аравиясы биргеликте дүйнөлүк мунай базарындагы кризистен чыгуунун жолун издешет. Бул тууралуу Ак үйдөгү брифингде Дональд Трамп билдирди. Ал белгилегендей, «кара алтынга» дүйнөлүк баанын төмөндөшү айрым өлкөлөрдө суу мунайга караганда кымбат болуп калган.

Америкалык лидер айткандай, Россия, АКШ жана Сауд Аравиясы чогулуп, эмне кылуу керектигин көрүшөт. Мындай сүйлөшүүлөр так качан жана кайсы форматта өтөрү азырынча белгисиз.

Трамп учурдагы кырдаалга байланыштуу АКШнын мунай өнөр жайына коркунуч туулуп жаткандыгын белгиледи. «Биз бүт тармакты жана миңдеген жумушчу орундарды жоготуп алабыз» деди президент.

Ошол эле учурда, ал америкалыктар үчүн мунайдын бир аз төмөн баасы жакшы экендигин мойнуна алды. Алар аз акчага күйүүчү май сатып алышат. Ошондой эле, мунайдын мындай баасы авиакомпаниялар үчүн пайдалуу», — деди Ак үйдүн башчысы.

Добавить комментарий