АКШ Кытай компаниясын гей сүйлөшүүлөр үчүн мобилдик колдонмосун сатууга мажбурлады

Ири Кытай компаниянын бири АКШнын кысымы менен гей сүйлөшүүлөрү үчүн мобилдик колдонмосун Grindr, америкалыктарга сатууга аргасыз болду. Анын себебин, АКШ бийлиги колдонуучуларынын маалыматтарын пайдалынуу коркунучунан улам билдирди.

Келишимдин баасы $ 608 млн түзөт. 98,59% Grindr үлүшүн Делавэр штатындагы San Vicente Acquisition компаниясы алат.

АКШнын Улуттук коопсуздук кызматы Кытай өкмөтү колдонмону америкалыктарды шантаж кылуу үчүн колдонуушу мумкун, деп тынчсызданышты.

Beijing Kunlun Tech аталган Кытай компаниясы 2016-жылы Grindrдин көпчүлүк үлүшүн алган жана эки жылдан кийин калган үлүшүн сатып алган. Бул колдонмо Tinder принцибинин негизинде иштейт: геопозиция жардамы менен колдонуучулар жакын арадагы башка колдонуучулардын өздүктөрун көрө алышат.

Добавить комментарий