АКШ Конгресси Украинанын аймагындагы чалгындоо иштерин кеңейтүүнү чечти

АКШ Конгресси Украинанын аймагындагы чалгындоо иштерин кеңейтээрин жарыялады. Мындай чечимди добуш берүү учурунда конгрессмендердин көпчүлүгү кабыл алды.

АКШ Конгрессинин Куралдуу Күчтөр комитети Украинада аскердик космостук чалгындоо жүргүзүү үчүн жеке америкалык компаниялардын спутниктерин колдонууну кеңейтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады.

Комитет Улуттук чалгындоо бюросун (NRO) Жерди байкоо спутниктен сүрөт тартуунун пилоттук программасын кеңейтүүгө жана тездетүүгө чакырды.

SAR спутниктерин көбүрөөк колдонуу менен АКШ Киевге жана НАТО боюнча союздаштарына Украинанын аймагынын жана орус аскерлеринин аракеттеринин акыркы сүрөттөрүн реалдуу убакыт режиминде бере алат, деп кошумчалашты конгрессмендер.

 

Добавить комментарий