«Аалам сулуусу — 2019» сынагынын жеңүүчүсү деп Түштүк Африка Республикасынан келген сулуу Зозибини Тунзи табылды.
Аталган сынак быйыл АКШнын Атланта шаарында өттү. Ага ар кайсы өлкөлөрдөн 79 сулуу катышты.
The new #MissUniverse2019 is… SOUTH AFRICA!!!! 🇿🇦 pic.twitter.com/gRW8vcuT3A
— Miss Universe (@MissUniverse) December 9, 2019
Финалга Зозибини Тунзиден тышкары Мексика жана Пуэрто-Рикодон келген бийкечтер чыккан.
Making a statement… This is Miss Universe South Africa.#MissUniverse2019 LIVE on @FOXtv. Airing in Spanish on @Telemundo. pic.twitter.com/FWpqb0517w
— Miss Universe (@MissUniverse) December 9, 2019
Зозибини Тунзи 26 жашта. Быйыл «Түштүк Африка сулуусу» наамына ээ болгон.
Белгилей кетсек, бул жолку сынакка документтерди тууралоо жана виза көйгөйүнөн улам Россиядан эч ким катыша алган жок.