Лавров: Европа биримдиги Россия менен тең укуктуу мамилеге даяр эмес

Россия менен Европа биримдиги эң маанилүү соода-экономикалык өнөктөштөр жана ири коңшулар. Алар тынчтык үчүн, Евразия бөлүгүндө өнүгүү жана коопсуздук үчүн өз алдынча жалпы жоопкерчилик ала алат. Бирок Европа биримдиги тең укуктуу мамилеге даяр эместигин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айытымында, Брюсселде Европаны «чыныгы» жана башкалар деп жасалма түрдө бөлүүгө аракет кылып жатышат.

«Брюссель лексиконунда «Европа» деген термин «Европа биримдиги» деген эле маанини берип калды. ЕБге мүчөлөр «чыныгы» Европа, калгандары европалык болушу үчүн алгач ага татыктуу болушу керек деген көз караш болууда. Ошентип континентти жасалма түрдө бөлүүгө, географияны жана тарыхты бурмалоого аракеттер болуп жатат», — деди Лавров.

Ал мындай кадам евроинтеграция долбооруна түп-тамырынан бери туура келбей турганын белгиледи. Лавров географиялык, тарыхый, экономикалык жана маданият жагынан алып караганда Россия Европанын тана алгыс бөлүгү экенин билдирди.

Добавить комментарий