17 адам унаада жарылуучу заттан каза тапты

Ооганистандын Лонаг провинциясында бир унаа жарылып, анын кесепетинен кеминде 17 адам өлгөн.

Бул тууралуу ВВС провинция губернаторунун расмий өкүлү Дедар Лавангка шилтеме берүү менен билдирди

«Ооганистандын Логан провинциясында унаага коюлган бомбанын жарылуусунан кеминде 17 адам набыт болду», – деп айтылат билдирүүдө.

Жарылуу кечээ кечинде жергиликтүү губернатордун имаратынын жанында, Ооган бийликтери менен “Талибан” террордук тобу ортосунда жарашууга чейин орун алган.

Белгиленгендей, “Талибан” жарылууга катышкандыгын четке кагып, Ислам мамлекети террористтери бул жаңылыкка азырынча комментарий бере элек.

Добавить комментарий