16 миң евро салынган рюкзакты ээсине кайтарып берген жолоочу: Германиядагы окуя

Германиянын Крефельд шаарында ичине толо акча салынган рюкзакты таап алган жолоочу аны ээсине кайтарып берген. Бул тууралуу The Local басылмасы жазып чыкты.

Окуя Рождествого караган түнү, 25-декабрда, болгон. 63 жаштагы киши ичинде белектери, андан сырткары, 16 миң евросу (болжол менен бир миллион сомдон ашык акча) бар рюкзагын балаты алдына унутуп кеткен.

Баштыкты ошол жерден өтүп бараткан адам таап алып, дароо полицияга кабарлаган. Тартип сакчылары дароо эле рюкзактын ээсин издештирип, жогун кайтарып беришкен.

Ал эми аны таап алган адам сый акыдан баш тарткан. Мыйзам боюнча, ага табылганын болжол менен 30дай пайызы берилиши керек болчу.

Добавить комментарий