150 менен байланышкан Малайзиядагы сектасынын ишине жаңы учурлар

Малайзия COVID-19 жуктуруунун 190 жаңы учуру тууралуу жекшемби күнү (15-март) билдирди, алардын көпчүлүгү Куале Лумпурда жыл сайын откорулуучу Шри Петалинг мечитиндеги конвенцияга байланыштуу болуп саналат.

 

Малайзиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги да  Шри Петалинг мечитинде откон Таблиги жамаат жылдык жыйынына 5000ден  14,500ге чейин катышкан адамдардын санын кайра карап чыкты.

 

Министирлик 27-февралдан 1-мартка чейин болуп өткон жыйынында 16000 ге жакын адам катышкан, малайзиялыктардын саны 14500, ал эми чет олколуктор саны 1500 адам тузгон деп айтты.

Бул маалыматтар, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Датук аймагынын башчысы Нур Хишам Абдулланын Facebook баракчасынын инфографикасында  жарыяланган.

«Биздин команда туну жана куну иштейт жана ошол жыйынга катышкан жарандарга массалык Covid-19 скаринингин откоруп жатат», — деп билдирди дарыгер.

Программага катышкан Брунейден келген 53 жаштагы эркек кишиде Covid-19 табылган.

Бардыгы болуп 428 учур Малайзияда катталган. Бул Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн арасында эн жогорку саны болуп саналат.

 Маалымат үчүн гана! Жамаат Таблиг — орусияда жана башка өлкөлөргө  тыюу салынган, диний кыймылы.

Добавить комментарий