Жаан жаап, айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн: 7-февралга карата аба ырайы


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-85506-1675739550-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

7-февралда Кыргызгидромет билдиргендей, шейшемби күнү күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  Чүй облусунда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Жолдор карга толуп, муз болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8

Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 6…+8° жылуу болот.

Чолпон-Атада кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 7…+9° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий