Жаңы жылдык майрамдарга карата аба ырайы

Синоптиктер жаңы жылдык майрамдарда кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтүп жаткандыгы жөнүндө айтып беришти.

Кыргызгидромет Кыргызстан боюнча 31-декабрь жана 1-3-январь күндөрү күтүлгөн аба ырайын билдирди.

Чүй, Талас облустары

31-декабрда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз, 2-январда жана 3-январда түнкүсүн Чүй облусунун айрым аймактарында кар жаайт, Талас районунда жаан-чачын болбойт.

3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

31-декабрда жана 1-январда айрым аймактарда туман түшөт. Жолдорго кар жаап, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Бишкек

31-декабрда, 1-январда жана 2-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

2-январда күндүз жана 3-январда түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн.

3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

31-декабрда жана 1-3-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-декабрда жана 1-январда айрым аймактарда туман түшөт. Жолдорго кар жаап, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Ысык-Көл облусу

31-декабрда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз, 2-январда жана 3-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт.

3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго кар жаап, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м/с, айрым жерлерде 15-20 м/с чейин жогорулайт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарлары

31-жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз Каракол шаарында бир аз кар жаайт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын болбойт.

2-январда жана 3-январда түнкүсүн кар жаайт.

3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, 2-3-январда 15-20 метрге чейин жетет.

Нарын облусу

31-январда жана 1-3-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго кар жаап, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Добавить комментарий