Токтогул суу сактагычы: суунун көлөмү азайып жатат

«Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайгандыгын жарыялады. Бүгүнкү күндө ал 8 миллиард 826 миллион кубометрди түздү.

Анын айтымында, суунун чыгымы секундасына 401 кубометр, агып кириши 100 кубометрди түзгөн. Белгилей кетсек, мындан бир жыл мурун Токтогулдагы суунун көлөмү 11 миллиард кубометрден ашык болгон.

Эскерте кетсек, 3-мартта депутат Сайдулла Нышанов өкмөттү электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган. Ал өткөн жылга салыштырмалуу Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз экендигин эске салды. «Биз Токтогулда 9,5 миллиард кубометр суу гана бар деп бардык жерде айтабыз. Эми күзүндө эч кандай көйгөй жаралбашы үчүн чара көрүшүбүз керек. Аэропортко бара жатып, жарык күйүп турат, бирок акчаны үнөмдөшүбүз керек», — деди эл өкүлү.

Добавить комментарий