Таштарды түшүрүү: Бишкек – ​​Нарын – Торугарт унаа жолу жабылат

«Кыргыз Темир Жолу» МИнин басма сөз кызматы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун жабылышы жөнүндө унаа айдоочуларына эскертүү берди.

Маалым болгондой, Бишкек – ​​Нарын – Торугарт жолунун 2021-жылдын 7-июнунан 11-июнуна чейин, 3902-чакырымында (жолдун 132-чакырымы) таш кулап калбоо максатында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Жумуш күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМдин ЖКККБ кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай жаап салгандан кийин жүргүзүлөт.

Добавить комментарий