Баткен облусунда 2021-жылдын март айында абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, 6…8°, тоо этектериндеги райондордо 4…6°C болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5°Cден 6…11°C чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир жерлерде түнкүсүн абанын температурасы -1…-6°C чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 9…14°дан 20…25°C чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, айрым күндөрү абанын температурасы 1…6°C чейин төмөндөшү мүмкүн.
Ай ичинде тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы -3…-8° сууктан 1…6°Cка чейин, күндүз 7…12°дан 15…20° чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айрым күндөрү абанын температурасы -2°…+3°C чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадагыдан жогору болушу күтүлөт (өрөөн зонасында 25-27 мм, тоо этектеринде 68-70 мм).