Кытайда жер көчкүдөн 5 адам каза болду

Кытайда жер көчкү беш адамдын өмүрүн алып кетти, дагы бешөө изделүүдө

Кытайда жер көчкү беш адамдын өмүрүн алып кетти, дагы беш адам дайынсыз болууда. Үч адам урандылардын астынан чыгарылды.

“Синьхуа” агенттиги жергиликтүү бийликке таянуу менен жер көчкү бир күн мурун, 3-январда саат 19:00 чамасында Гуйчжоу провинциясынын Бицзе шаарындагы курулуш аянтчасына түшкөн.

Шейшемби күнү, 4-январдын таңында урандылардын астынан сегиз адам чыгарылып, алардын үчөө ооруканага жаткырылды, абалы туруктуу деп бааланууда, калган бешөө каза болду. Тогуз адам дайынсыз жоголгону кабарланууда.

Издөө-куткаруу иштерин 720 адис жүргүзүүдө.

Добавить комментарий