Кыргызстандын тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт: 19-октябрга карата аба ырайы


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-78519-1666151833-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Шаршемби, 19-октябрдагы аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде кар, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13

Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +10…+15

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +10…+15

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +9…+14

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 4…6, күндүзгү жогорку температурасы 11…13.

Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 3…5, күндүзгү жогорку температурасы 9…11.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайынын маалыматын берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий