Кыргызстандын борбордук жана чыгыш аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт: 22-сентябрдагы аба ырайы

Кыргызгидромет бейшемби, 22-сентябрга карата аба ырайы тууралуу билдирди.

Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чуй районунун дыйканчылык зонасында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт; Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28

Баткен облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий